2021-жылдын 14-сентябрында резиденциясы Киев шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Д.Некулэескуга Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

3000

2021-жылдын 14-сентябрында резиденциясы Киев шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Д.Некулэескуга Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик-катчысы Д.Некулэеску Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго салам айтып, аны расмий кызматка киришүүсү менен куттуктады. Румыния Кыргыз Республикасы менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде, Элчи Ж.Шарипов Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик-катчысы Д.Некулэескуга ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырып, эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Ж.Шарипов эки мамлекеттин кызыкчылыгында өз ара пайдалуу саясий, соода -экономикалык жана маданий -гуманитардык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшаарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Тараптар саясий диалогду, ишкердик байланыштарды активдештирүүнү, ошондой эле саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин кароо үчүн ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүү конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Румыниянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан COVID-19 пандемиясына байланыштуу түзүлгөн жаңы практикага ылайык, ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрү видео конференция форматында өтөт. Ишеним грамотасынын түп нускасы Румыниянын Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык почта аркылуу Румыниянын кабыл алуучу өлкөдөгү элчилиги аркылуу жөнөтүлөт. Видео сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Румыниянын Тышкы иштер министрлиги Ишеним грамотасынын түпнускасын Президенттик Администрацияга жөнөтөт.

  • 2021-жылдын 14-сентябрында резиденциясы Киев шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Д.Некулэескуга Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK