2021 -жылдын 7 -октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, Украинанын Эл артисти, ырчы, бандурачы Светлана Мирвада жана "Украинанын Энелердин Улуу Кеңеши" коомдук уюмунун жетекчиси Валентина Колечко менен жолугушту.

3310

С.Мирвада менен В.Колечко Кыргыз Республикасына келип, кыргыз артисттери менен биргелешкен концерттерди уюштурууга кызыктар экенин, ошондой эле, Украинада кыргыз маданиятын таанытууга даяр экендиктерин билдиришти.

Элчи Ж.Шарипов жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Элчиликтин маданий-гуманитардык чөйрөдө активдүү кызматташууга даярдыгын белгиледи, ошондой эле, украин элинин арасында кыргыз маданиятын жайылтуу максатында Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү бир катар эки тараптуу кыргыз-украин маселелерин талкуулашты, ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы кызматташтыкты түзүү жана илгерилетүү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун аягында Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдө болгон эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкчылыктарын билдиришти.

  • 2021 -жылдын 7 -октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, Украинанын Эл артисти, ырчы, бандурачы Светлана Мирвада жана
  • 2021 -жылдын 7 -октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, Украинанын Эл артисти, ырчы, бандурачы Светлана Мирвада жана

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK