Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

3152

Урматтуу мекендештер!

 

Украинадагы азыркы кырдаалдан улам, чын маалыматтар менен катар Украинадагы кырдаал боюнча дүрбөлөңгө түшкөн жалган маалыматтардын көп агымы болуп жаткандыгына көңүлүңүздү бурабыз.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын жашаган өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин сактоого чакырат.

Провокацияларга алдырбагыла жана такталбаган маалыматтарды таратпагыла, ошондой эле, эл көп чогулган жерлерден алыс болгула жана жашаган жериңерде болууга чакырат.

Учурда Украинанын аба мейкиндиги жабык, бардык аба каттамдары убактылуу токтотулду, ошондой эле, Орусия жана Беларусь менен чек арадагы кургактыктан өткөрүү пункттары жабылды.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги Украинада болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып турат жана Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Киевде аккредиттелген чет мамлекеттердин элчиликтери менен кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча маселелерди иштеп чыгуу үчүн түз байланышта.

Кыргыз Республикасынын Элчилигинде жарандар бардык суроолор боюнча кайрыла турган ишеним телефону иштейт.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилигинин телефондору.

+380997573413, +380442370348, ошондой эле Элчиликтин "WhatsApp" тобундагы маалыматка байкоо салгыла.

 

Министрликтин ыкчам номерлери: +996551312000, +996709983465

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK