2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов 600дөн ашык фармацевтикалык жана косметикалык продукцияны чыгарган украиналык ELIXIR компаниясынын директору О.Восиленко менен жолугушту.

2161

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи И.Кадыркулов ELIXIR компаниясынын фармацевтика жана косметологиядагы көрүнүктүү жетишкендиктерин белгилеп, бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулады.

Тараптар, ошондой эле, Кыргызстандан экологиялык жактан таза дары-дармек өсүмдүктөрүн жана продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн, Кыргызстандын аймагында өндүрүштү уюштуруу маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, И.Кадыркулов Кыргызстандын инвестициялык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрү, либералдык салык преференциялары жана чет элдик инвесторлор үчүн жеңилдиктери тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы 6200дөн ашык товардык позицияны Европа Биримдигинин аймагына алымсыз импорттоого мүмкүндүк берген преференциялардын жалпыланган схемасынын статусуна ээ, ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү жана 180 миллиондон ашык адам жашаган 5 өлкөнүн рыногуна бажы төлөмдөрү жок товарларын киргизе ала тургандыгын маалымдады.

Буга байланыштуу И.Кадыркулов өлкөбүздүн экономикасына активдүү инвестиция тартууга жана кыргызстандык өнөктөштөр менен бирге өндүрүш ишканаларын ачууга чакырды.

Тараптар соода-экономикалык багытта кызматташууну кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшоону жана май айынын биринчи жарымында Бишкекке сапар уюштурууну макулдашты.

  • 2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Идрис Кадыркулов 600дөн ашык фармацевтикалык жана косметикалык продукцияны чыгарган украиналык ELIXIR компаниясынын директору О.Восиленко менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK