2022-жылдын 30-июнунда Элчи И.А.Кадыркулов Киев Соода-өнөр жай палатасынын Президенти М.В.Засульский менен жолугушту.

3181

2022-жылдын 30-июнунда Элчи И.А.Кадыркулов Киев Соода-өнөр жай палатасынын Президенти М.В.Засульский менен жолугушту.

Кыргызстан менен Украинанын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы боюнча пикир алмашуу болду.

Киев Соода-өнөр жай палатасынын кеңири тажрыйбасын пайдалануу менен соода-экономикалык байланыштарды түзүү үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты. Биринчи этаптын алкагында Кыргыз Республикасынын элчилиги Украинада аккредиттелген 60тан ашык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү камтыган Соода Клубуна чакырылган.

 

Маалымат үчүн: Киев Соода-өнөр жай палатасы 1995-жылы түзүлгөн, анын курамына 1200дөн ашык мүчө жана Украинанын бардык өнөр жай комплексинин 70 пайызы кирет. 1996-жылдан бери Соода-өнөр жай палатасынын алдында Арбитраждык сот иштейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK