Кыргыз Республикасынын Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманян Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоого катышкандыгы үчүн сыйланды

1136

 2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Харьков шаарындагы Ардактуу консулу Вадим Эдуардович Туманянга ведомстволук сыйлыкты, «Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы» юбилейлик медалын тапшыруу аземи болуп өттү. .

 Элчиликтин кеңешчиси Э.Аксамаев Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан Туманян мырзага Украинадан Кыргыз Республикасынын жарандарын согуш абалына байланыштуу эвакуациялоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Консулдук департаменттин координациясы жана Кыргыз Республикасынын бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен 800дөн ашык Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялады.

    Мындан тышкары, аскердик абалдын шарттарында жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун актуалдуу маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

  Бул максаттарда Украинанын аймагынан чыга албаган Кыргыз Республикасынын жарандарына колдоо көрсөтүү боюнча бир катар биргелешкен жардам көрсөтүү акциялары пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK