Элчилик Бухаресттеги Политехникалык университет менен келишим түздү

417

2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Элчилиги Бухаресттин Политехникалык университети менен кызматташуу келишимине кол койгон. Анын алкагында техникалык адистиктер боюнча (бакалавр жана магистратура программалары) окутуу үчүн Кыргыз Республикасынан 10 студентке стипендиялык колдоо көрсөтүү келишими түзүлдү. Келишимде докторантурага дагы кошумча квоталар каралган.
  Кылымдык тарыхы бар бул университет 15 факультети жана 30 миңге жакын студенти бар Европадагы эң чоң университеттердин бири.
Университетте окутуу тилдери англис, немис, француз жана румын тилдеринде.
Студенттер жатакана менен камсыз болушат (болжолдуу баасы айына 100 евро). Зарыл болгон учурда студенттер тилдерди өздөштүрүү үчүн университеттин бир жылдык даярдоо курсу менен камсыз кылынат.
Шилтемелер - https://www.usab-tm.ro/en. жана https://apply.upb.ro/

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK