Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Азербайжан Республикасынын Украинадагы жаңы дайындалган Элчиси Сеймур Мардалиев мырза менен жолугушту

409

2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Азербайжан Республикасынын Украинадагы жаңы дайындалган элчиси Сеймур Мардалиев мырза менен жолугушту.

Элчи И.Кадыркулов азербайжандык кесиптешин оор мезгилде жооптуу дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжандын эки тараптуу кызматташуусу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткендигин баса белгиледи.

Буга биздин мамлекеттердин президенттери С.Н.Жапаров менен И.Г.Алиевдин өткөн жылдын октябрь айында Бишкекте өткөн Мамлекеттер аралык кеңешменин жолугушуусу менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы да далил болот.

Тараптар Украинадагы кырдаал тезирээк турукташаарына үмүт артышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK