Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасы уюштурулган

6829

2018-жылдын 20-мартында Киев шаарынын мамлекеттик администрациясында Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасы уюштурулган.

Жыл сайын өткөрүлгөн бул майрамды белгилөө: Азербайджан Республикасынын, Афганистан Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Түркмөнстандын Элчиликтери тарабынан уюштурулган.

Майрамды ачуу аземинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктууу Элчиси Ж.Ш.Шарипов куттуктоо сөздөрүн айтып, бардыгына тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Элчилиги тарабынан даярдалган көргөзмө, андагы кийизден, кайыштан жасалган сувенирлер, улуттук кийимдер бардык коноктордун көңүлүн бурду. Ошондой эле, майрамга келген коноктор кыргыздардын улуттук тамак-аштарынан жана суусундуктарынан даам татышты.

Иш-чара Кыргызстан жөнүндөгү видео-роликтер менен коштолуп, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр тууралуу да байма-бай маалымат берилди.

Иш чарага 1 миңден ашуун катышуучу келди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK