Диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушуу

6513

2018-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Ш.Шарипов Киев шаарында жана Киев областында жашап жаткан диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун учурунда бизнес, медицина, билим берүү, туризм, Бишкек жана Киевтин ортосунда авиа каттамын ачуу, Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналган иш-чараларды уюштуруу, кыргыз жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу, консулдук кызматтарды көрсөтүү, кыргыз диаспорасы менен интернеттеги тиркемелер аркылуу үзгүлтүксүз байланышта болуу тууралуу, кыргыз-украин мамилелеринин азыркы абалын жана келечеги жөнүндө талкуу жүргүзүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK