Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 11-мартындагы билдирүүсү.

Кыргыз Республикасы эл аралык коомдун Украинада болуп жаткан окуяларга болгон бушаймандыгын тең бөлүшкөндүгүн билдирет. Кыргыз Республикасы Украинадагы абалды дестабилдештирүүгө багытталган аракеттерди сындай тургандагын билдирет. Ошондуктан, 11 марттагы В.Януковичтин кайрылуусун орунсуз жана туура эмес деп эсептейбиз.

Кандай өлкө болбосун бийликтин өзөгү болуп ошол жердин эли эсептелинет. Өз элинин ишеничин, де-факто президенттик жоопкерчилигин жоготкон, өлкөдөн качып кеткен ажо легитимдүү президент боло албайт. Украинанын мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн ойлонбой туруп жүргүзгөн саясаты бүгүн Украинаны ушул абалга алып келип, бир топ жарандар курман болду.

Кыргыз Республикасы Украинадагы абалдын тез арада калыбына келүүсүн колдойт, абалды оңдоо сүйлөшүү жолдору менен ишке ашырылып, сөзсүз түрдө Бириккен Улуттар Уюмунун уставында көрсөтүлгөн эл аралык укуктун чегинде ишке ашырылышы абзел.