Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 27-майындагы билдирүүсү

         Кыргыз Республикасы Украинанын президенттик шайлоону өткөрүү боюнча аракеттерин колдоп, ошол өлкөнүн элинин чечимине сый-урмат менен мамиле кылаарын билдирет.

         Украинанын калкы менен бирге кайгырып, шайлоо аркылуу Украинада тынчтык орноп, коомдук-саясый жана регионалдык ой-келишпестиктер чечилип, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен стабилдүүлүк орношуна Кыргыз Республикасы ишенет.

         Кыргыз Республикасы мурда билдиргендей эле. Украинада тынчтыкты орнотуу жана крисизти жоюу жалгыз гана эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын негизинде ишке ашырылышы шарт экендигин дагы бир ирет белгилейт.