2020-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Курманов менен жолукту.

4853

Элчи Ж.Шарипов Элчи А.Курмановду кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Тараптар алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышып, таажы вирусу тууралуу маектешип, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда бар болгон достук жана боордош мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Курманов Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү маңызда өттү.

  • 2020-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Курманов менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK