2022-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков менен ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев Түрк Мамлекеттери Уюмга кирген өлкөлөрдөн келген студенттер Венгриядагы университеттерде билим алган менен жолугушуусу болуп өттү.

1339

Башкы катчы С.Раев «ТҮРКСОЙ» Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун түрк элдеринин орток маданиятын жайылтуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып, түрк маданиятын, искусствосун жана адабиятын мындан ары да жайылтууга багытталган пландалган долбоорлор жана иш-чаралар тууралуу маалымат берди. ТҮРКСОЙдун Башкы катчы дүйнө жүзү боюнча түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Т.Кушчубеков ТҮРКСОЙ уюштуруп жаткан иш-чараларга Кыргызстандын маданият жана искусство ишмерлеринин, ошондой эле интеллигенция өкүлдөрүнүн катышуусун жогору баалап, Кыргыз Республикасы Уюмдун долбоорлоруна ар дайым колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер элчиге жана башкы катчыга кызыккан суроолорун бере алышты. Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдөн келген студенттердин Венгрияда болушу жана жашоосу, Венгриянын университеттеринде билим алуу формасы жана башка көптөгөн темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK