Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу Өкүлчүлүгү "Глобалдык эмдөө үчүн аракеттерди күчөтүү" темасы боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги тематикалык дебатына катышты

2180

2022-жылдын 25-февралында БУУнун Башкы Ассамблеясында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Төрагасы А.Шахиддин төрагалыгы алдында «Глобалдык эмдөө үчүн аракеттерди күчөтүү» темасындагы Жогорку деңгээлдеги тематикалык дебаттар гибрид форматында болуп өттү.

Иш-чарага 120дан ашуун өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо боюнча эксперттер, ошондой эле ДСУ, ПРООН, ЮНИСЕФ жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага ошондой эле БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Төрагасы Коллен В.Келапиле, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос А. Гебрейесус катышып, мүчө мамлекеттерге глобалдык вакцинация боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу Өкүлчүлүгү өз кайрылуусунда COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасынын төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири болуп калганын жана саламаттыкты сактоо системасы үчүн олуттуу сыноо бойдон калганын белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилди.

Кыргыз Республикасы 2020-жылдын сентябрында бардык процедуралардан өтүү менен COVAX платформасына мүчө болуп, AstraZeneca жана Pfizer вакциналары менен камсыздалып жаткандыгы белигиленди. Мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде Sputnik V жана Sinopharm вакциналарды алынып келүүдө. 2021-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргызстанда мурда COVID-19га каршы алгачкы эмдөөнүн толук курсунан өткөн бардык жарандарга кошумча доза менен эмдөө жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле кыргыз тарап бардык кызыкдар тараптарды COVID-19 пандемиясына каршы туруу үчүн изилдөө демилгелерин илгерилетүүгө, инновацияларга жетүүчү жолдорду кеңейтүүгө, технологиялар менен алмашууга жана билим менен бөлүшүүгө чакырды. Мындан тышкары, бардык өлкөлөр сапаттуу COVID-19 вакциналары менен адилеттүү камсыз болуусу үчүн вакциналарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана баалоо менен байланышкан бардык маселелерде ачык-айкындуулуктун болушу зарыл экендиги белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK