КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы Элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайти менен кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулады

1545

2022-жылы 24-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини чакырып, кыргыз-катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулады.

Министр Ж.Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Кыргыз Республикасы Катар Мамлекети менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн, биргеликте аракеттерди көрүүнү жана дайым байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK