Кыргыз Республикасынын делегациясы Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 66-сессиясынын ишине катышты

1067

2022-жылдын 14-25-март күндөрү Нью-Йоркто гибрид форматында “Гендердик теңчиликке жетишүү жана климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде бардык аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, экологиялык тобокелдикти жана табигый кырсык коркунучун азайтуу стратегиялары жана программалары” темасында Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 66-сессиясы өтүүдө.

Кыргызстандын делегациясы 66-сессиясынын ачылышына жана параллель иш-чараларына Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын деңгээлинде катышты.

Жалпы дебатта сөз сүйлөп жатып, Аида Касымалиева Кыргыз Республикасы кабыл алынган жана ратификацияланган эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын алкагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууга умтуларын белгиледи.

А.Касымалиева ошондой эле Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде гендердик теңчиликке жетишүүнүн жана аялдар менен кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, иш жүзүндө теңчиликти эффективдүү илгерилетүү максатында гендердик мамилелерди негизги стратегиялык документтерге жана иш-аракеттер пландарына киргизгендигин баса белгиледи.

А. Касымалиева өз сөзүндө өлкөнүн тоолуу аймактарындагы аялдардын ролун белгиледи. Ал республиканын аялдарынын 65%ы жашаган тоолуу айыл аймактарында климаттын өзгөрүшүнүн жана табигый кырсыктардын тобокелдигине жана терс кесепеттерине аялдар көбүрөөк дуушар болорун маалымдады. Ал эми изилдөөлөргө ылайык, табигый кырсыктардан жабыркагандардын 70%га жакыны аялдар жана балдар экенин билдирди.

Иш-чарага БУУга мүчө болгон 180 мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK