Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Нью-Йорктогу БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын кеңсесинин башчысы менен жолугушту

4161

2020-жылдын 11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Нью-Йорктогу БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын кеңсесинин башчысы - БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Сатья Трипати менен виртуалдык жолугушуу өткөрдү.

Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Сатья Трипатиге айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип, Бишкек шаарында 2013 жана 2017-жылдары ак илбирстин жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча эл аралык конференциялары өткөнүдүгү, 11-декабрда белгиленүүчү Эл аралык тоолор күнүн негизделгени, 2019-жылдын август айында Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун түзүлгөндүгү, ошондой эле мамлекет башчысынын 2020-жылдын 30-сентябрында Био ар түрдүүлүк саммитине катышкандыгы сыяктуу демилгелерди белгиледи. Тараптар ошондой эле кыргыз тараптын жаңы демилгелеринин алкагында мүмкүн болгон кызматташууну талкуулашты.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Сатья Трипати 2020-жылдын 30-сентябрында Био ар түрдүүлүк саммитинде кыргыз тараптын сүйлөгөн сөзүн оң белгилеп, ошондой эле экология жаатындагы ар кандай долбоорлордун алкагында жүргүзүлүп жаткан БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын Кыргыз Республикасында жигердүү иш-аракеттери жөнүндө билдирди. Ошол эле учурда, ал Нью-Йорктогу Программалык Офистин эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүдө кыргыз тарапка жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Сатья Трипатини 2020-жылдын 11-декабрындагы Эл аралык тоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган иш-чарага катышууга чакырды, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы катышаарын тастыктады.
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK