Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү күндөрү болуп жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинде мамлекеттик желек түшүрүлдү жана көңүл айтуу китеби ачылды

2655

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 1-2-майы Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү күндөрү болуп жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги түшүрүлдү жана алдын ала пландаштырылган маданий иш-чараларга катышуу токтотулду.

Адамдардын өлүмүнө алып келген трагедиялык окуяга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилигинде чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар үчүн көңүл айтуу китептери ачылды.

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги көңүл айтуу билдирүүлөрдү салттуу түрдө көңүл айтуу китебине жана ошондой эле электрондук түрдө кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Эр-Рияд шаарындагы Элчилиги  орду толгус жоготууну тең бөлүшөт жана алардын бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK