Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болуп өттү

3530

2019-жылдын 27-февралында Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын денгээлинде биринчи жолу жасалган расмий иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабиянын Тышкы иштер министри Ибрагим бин Абдельазиз Аль-Ассаф менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин Тышкы иштер министрлери өз ара кызыкчылык жараткан эки тараптуу кызматташуунун, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнүн келечегин айта кетишип, тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-сапарларды интенсивдештирүүнүн маанилүүлүгү менен макул болушту. Эки жана көп тараптуу форматтарда конструктивдүү диалогду тереңдетүү, эл аралык уюмдардын шайлоо органдарына өз ара колдоо көрсөтүү боюнча милдеттер белгиленди. Тараптар КРнын  туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган келечектүү эки тараптуу инвестициялык-кредиттик долбоорлорду иштеп чыгууну пландашты.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары март айында Сауд Арабияда өтө турган «Camel Fest» этнофестивалына Кыргызстандын спортчуларынын чоң делегациясынын катышуусун канааттануу менен белгилешти.

Ушуну менен бирге, өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү, анын алкагында кыргыз-сауд ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү пландаштырылган.

Тараптардын тарабынан саясий байланыштарды жана ишти координациялоону улантуу жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

  • 2019-жылдын 27-февралында Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын денгээлинде биринчи жолу жасалган расмий иш-сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабиянын Тышкы иштер министри Ибрагим бин Абдельазиз Аль-Ассаф менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK