Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Сауд Арабиянын Аш-Шураа Маджлисинин Төрагасы доктор Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушуусу болуп өттү

4107

2019-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабия Королдугуна болгон иш-сапарынын алкагында, анын Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шураа Маджлисинин (Консультативдик кеңеш) Төрагасы доктор Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушуусу болуп өттү.

Маектин жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу мамилелеринин өнүгүү келечеги менен бирге, тараптар парламенттер аралык кызматташтыгынын интенсивдештирүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мында, Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д.Джумабековдун өзүнүн сауд визависине куттуктоо сөздөрүн жана Кыргызстанга иш-сапары менен келип кетүү чакыруусун айтты.  

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Сауд Арабиянын Аш-Шураа Маджлисинин Төрагасы доктор Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушуусу болуп өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK