Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Мамлекеттик телерадиоберүү башкармалыгынын Аткаруучу директору Мохаммед бин Фахад Аль-Харти менен жолугушту

986

2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Мамлекеттик телерадиоберүү башкармалыгынын Аткаруучу директору Мохаммед бин Фахад Аль-Харти менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы радиоберүү, телекөрсөтүү жана кинематография жаатындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективаларын талкуулап, туристтик потенциалды илгерилетүү, маданий жана маалыматтык алмашууну кеңейтүү максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз байланышып турууга, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик мекемелеринин ортосунда телерадиоберүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну тездетүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK