Элчи У.Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Маданият министринин орун басары Ф.Аль-Канаан менен жолугушту

220

2023-жылдын 19-декабрында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Мариповдун Сауд Арабия Падышалыгынын Маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын маданий күндөрүн өз ара өткөрүү, ошондой эле чыгармачыл делегациялар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда маданият тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуну тездетүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда Элчи У.Марипов Фахад Аль-Канаанды Кыргыз Республикасына ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK