Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин пресс-релизи
2020-жылдын 30-август күнү Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинде дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Тажикстандын өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык потенциалы жөнүндө көргөзмө уюштурулган. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу китепчелер таркатылган.
Мындан тышкары дипломатиялык корпустун айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, алардын жүрүшүндө туризм тармагында мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.