Урматтуу Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу/туркутуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары

4097

 

2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна  Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун камсыз кылуу максатында, Элчилик күнүгө (дем алыш күндөрдү кошуп) саат 09:00дөн саат 20:00гө чейин иштей тургандыгын маалымдайт.

Тажикстан Республикасынын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн, 2020-жылдын 29-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Элчилигинин - УШК 9024 шайлоочуларынын тизмесине кириш керек.

Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн төмөнкүлөр керек:

1.Мурда биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон өтүү жетиштүү болот. Консулдук каттоого туруу үчүн - консулдук каттоо баракчасын толтуруп, жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын паспортун тапшырышыңыз керек.

2.Эгерде жаран буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болсо, анда Элчиликке келип, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого туруу керек.

Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн tizme.gov.kg сайтынан текшере алышат.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилигинин имаратында өтөт: Душанбе шаары, С.Носиров көчөсү, 56 «А».

Кыргыз Республикасынын жарандарында суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине  төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +992887782223,  тексттик билдирүүлөр үчүн  +996999004665 «WhatsApp».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK