Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги «Суу – 2018-2028-жылдарга туруктуу өнүгүү үчүн» аралык кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш фестивалына катышты
Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги «Суу – 2018-2028-жылдарга туруктуу өнүгүү үчүн» иш-аракеттердин эл аралык он жылдыгына карата Экинчи жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын алкагында уюштурулган эл аралык кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш фестивалына катышты.
Бул иш-чарага Душанбе шаарындагы дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, чыгармачыл топтор жана Экинчи эл аралык жогорку деңгээлдеги конференцияга катышкан мамлекеттердин делегация башчылары катышкан.
Фестивалда Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги улуттук тамак-аштарды, сувенирлерди, ошондой эле Кыргызстандын туризми, экспорттук потенциалы жана маданияты тууралуу маалымат камтыган стенд тартууланды.