«Борбордук Азия – Корея Республикасы» 14-форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Чон Ый Ён менен жолугушту

2063

2021-жылдын 30-ноябрында Душанбе шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» 14-форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Чон Ый Ён менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы боюнча пикир алышты жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын алкагында инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Учурдагы экономикалык жана пандемиядан кийинки шартта системалуу иштерди улантуунун артыкчылыктуулугу баса белгиленди.

Маектештер түз авиакаттамдарды ачуу, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана Түштүк Кореядан максаттуу инвестицияларды тартуу маселесин көтөрүштү. Корея тарап мөңгүлөрдүн эришин алдын алуу, пандемияга каршы күрөшүүдө медицина кызматкерлеринин ортосунда билим алмашуу боюнча кызматташууну бекемдөө боюнча «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумунун аянтында айтылган кыргыз тараптын сунуштарын колдоду. Билим берүү тармагындагы кызматташуунун алкагында корея тарап кыргызстандык студенттер үчүн квотаны 36 адамга чейин көбөйтүү чечимин кабыл алгандыгы тууралуу маалымдады.

Р.Казакбаев жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташууну сапаттуу деңгээлге чыгаруу артыкчылыктуу болуп санала тургандыгын баса белгиледи. Корея тарапка фитосанитардык кызматтардын ортосунда Кыргызстандан Түштүк Кореяга айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн шарт түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу маселесин кароо сунушталды. Ошондой эле, өзгөн күрүчүн Корея Республикасынын импорттук квотасына киргизүү жана кыргыз балы үчүн импорттук бажы тарифтерин төмөндөтүү өтүнүчү жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Корея Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 менен күрөшүүдө мурда көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Алдыдагы Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бул маанилүү датага карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде кыргыз-корей мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди, бизнес-форумдарды жана маданият күндөрүн уюштуруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Тараптар «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумунун күн тартибиндеги темалардын актуалдуулугун белгилешип, форумдун жана «Жаңы түндүк саясаты» демилгесинин алкагында Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүүсүн жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.

Маектешүүнүн соңунда Р.Казакбаев Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Чон Ый Ёнду эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо максатында ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK