Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков евразия интеграция процессине арналган тегерек столдо катышты

3519

2019-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков евразия интеграция процессине арналган тегерек столдо катышты. Бул иш-чара «Евразиялык изилдөөлөр институту» деп аталган оруссиянын фондунун Тажикстандагы өкүлчүлүгү, «Урал-Евразия» шериктештик клубу жана Оруссиянын Тажикстандагы элчилигинин жардамы менен «Душанбе-Плаза» бизнес-комплексинде өткөрүлдү.

Өзүнүн сөзүндө, Элчи Ж.Рустенбеков Кыргызстандын Евразиялык экономикалык уюмуна кирген тажрыйбасынын маанилүү аспектилери жөнүндө айтып берди. Евразиялык интеграция Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат деп айтылды.

Өзүнүн сөзүндө, Элчи Ж.Рустенбеков Кыргыз Республиканын өнүгүү стратегиясында көргөзүлгөн экономиканын артык тармактары жөнүндө, атап айтканда, электроэнергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактары, транспорт жана туризм, ошондой эле региондорду өнүктүрүү жана элдин жашоосун жакшыртуу жөнүндө айтып берди. Элчи 2019-жыл Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланганын маалымдап, ушул тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуш кылды.

Элчи, Россия Кыргызстандын башкы инвесторлорунун бири болгонун жана азыркы убакытта Кыргызстанга, Евразиялык уйумунун мүчөсү катары өзгөчө көнүл бурганын белгиледи. Катышуучуларды, Россиянын Президенти В.Путиндин 2019-жылдын 28-мартында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын натыйжалары жөнүндө, жана жетишилген ийгиликтүү келишимдер тууралуу маалымдады.

Өзгөчө көңүл кыргыз-тажик кызматташуусунуна бурулду. Элчи Ж.Рустенбеков, Кыргызстан Евразия экономикалык уйумунун мүчөөсү болгондугуну, тажик азык-түлүктөрүн Кыргызстан аркылуу Евразиялык уйумга кирген өлкөлөрдүн базарларында жылдыруу үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр ачылганын айтып берди. Элчи, Кыргызстандын мүчөлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишканаларды ачууну тажик тарапка сунуш кылды. «Кыргызстанда жасалган» деген сертификат товарларды алымсыз Евразия уйумга кирген өлкөлөрдүн базарларына алып барганга мүмкүнчүлүк бергенин белгиледи.

Бул иш-чарада Россия жана Казакстандын элчилери, Тажикстандын өкмөттүн жана экономикалык түзүмдөрдүн өкүлдөрү, эксперттик коомчулуктардын жана илимий мекемелеринин өкүлдөрү доклад кылышты.

  • Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков евразия интеграция процессине арналган тегерек столдо катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK