Кыргыз Республикасынын ТРгыдагы Элчилигинин Кеңешчиси А.Аданбаев «ШКУ 2022: өнүгүүнүн жаңы максаттарына карай» темасындагы тегерек столго катышты

2098

2022-жылдын 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ТРдагы Элчилигинин Кеңешчиси А.Аданбаев Тажикстандагы ШКУ достук жана кызматташтык Борборунда «ШКУ 2022: өнүгүүнүн жаңы максаттарына карай» темасындагы тегерек столдун ишине катышты. Иш-чара Борбордун биринчи жылдыгына арналган.

Тегерек столго ШКУнун башкы катчысынын орун басары, Борбордун өнөктөштөрү, анын ичинде «SCOLAR Network» ШКУ Жаштар платформасы, Душанбе шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы ММУнун филиалы, ТРнын ТИМдин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү жана тармактын эксперттери катышты.

Иш-чарада ШКУнун Тажикстандагы достук жана кызматташтык Борборунун 2022-жылга карата Иш-чаралар планы, анын ичинде ШКУнун алкагында элдик дипломатиянын механизмдеринин кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүчү биргелешкен долбоорлору көргөзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын ТРгы Элчилиги Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыкты өзүнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карай тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле Тажикстандагы ШКУнун достук жана кызматташтык Борборунун башталышы алдында 2022-жылга пландаштырылган иш-чаралар иш жүзүндө Уюмдун алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Өз кезегинде ШКУнун Тажикстандагы достук жана кызматташтык Борборунун өкүлдөрү КР менен ТРнын ортосундагы чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнүн, атап айтканда биздин өлкөлөрдүн чек ара аймактарынын тургундарынын ортосунда ар кандай маданий жана башка иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, борбордун Бишкек шаарындагы ШКУ өлкөлөрүнүн Маданий-интеграциялык Борбору менен кызматташууга жана байланыш түзүүгө кызыкдар экендиги айтылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK