Маалыматтык билдирүү

2171

2022-жылдын 22-24-февралындагы  Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын биргелешкен чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекциясынын алып келүүсүн жана жайылышын болтурбоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилген (мындан ары - Алгоритм).

Ага ылайык, көрсөтүлгөн алгоритмге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- ПЦР тестинен өтүү справкасына же COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцина алгандыгын тастыктаган документке ээ болуу (кагазда же санарип форматта) талабы ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жана 12 жашка чейинки (мурда 5 жашка чейинки) балдарга колдонулбайт.

- жүргүнчүлөрдөн жана экипаждын мүчөлөрүнөн клиникалык көрүнүштөр (температура, жөтөл ж.б.) аныкталган учурда аэропорттун комплексинде COVID-19га экспресс-тест жүргүзүлөт;

- ПЦР тестинин мөөнөтү (72 саат) учуу жана авиакаттамдын кечигүүсү менен байланышкан объективдуу себептер боюнча бүтүп калган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүсү зарыл.

Ошону менен бирге чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн, мурдагыдай эле, өлкөгө кирген учурдан тартып акыркы 72 сааттын ичинде жүргүзүлгөн ПЦР-тесттин жыйынтыктарын же Кыргыз Республикасында таанылган COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинасын алгандыгын тастыктаган документ (сертификат) көргөзүүсү зарыл экендигин белгилейбиз.

Кыргыз Республикасында күбөлүктөрү таанылган өлкөлөрдүн тизмеси  Бул жерде

Жогорудагы талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине да тийиштүү.

Бул талаптар төмөнкүлөргө гана колдонулбайт:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча келе турган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдар делегацияларынын мүчөлөрүнө карата;

- учактын экипаждарына;

- ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосунда өтүп жаткан 12 жашка чейинки балдарга;

- Кыргыз Республикасына бара турган шайлоо процесстеринин эл аралык байкоочуларына.

Жогорудагы талаптар 2022-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK