Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Борбордук Азиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

1796

2022-жылдын 13-майында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Жолугушууга Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хаджиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 2021-жылдын 6-августунда Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүнү ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Жолугушуунун катышуучулары Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын үзгүлтүксүз жолугушууларынын жана регионалдык кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулоо үчүн уникалдуу беш тараптуу аянтчанын маанилүүлүгүн белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев 2022-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасында өтүүчү Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусу регионалдык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө олуттуу салым кошот деген үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK