Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасындагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине брифинг өткөрдү

1613

2022-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнүндө брифинг өткөрдү.

Брифингдин жүрүшүндө катышуучуларга курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле брифингдин катышуучуларына Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо максатында КР УКМКнын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагынын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалымат берилди.

Чет мамлекеттер менен бардык талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди теңата диалогдун жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен кароонун негизинде чечүү боюнча өлкө жетекчилигинин расмий саясатына ылайык, чыңалууну басаңдатууга багытталган ар кандай деңгээлдеги саясий-дипломатиялык аракеттер жөнүндө да маалымат берилди. Буга байланыштуу тажик тараптын жетишилген макулдашууларды, анын ичинде ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча иш аракеттерди жүзөгө ашыра албай жаткандыгы белгиленди.

Өз кезегинде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга колдоо сөздөрүн билдиришти, жана ошондой эле азыркы аскер-саясий жана гуманитардык кырдаалга тынчсызданууларын билдиришип, Кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдошту. Мындан тышкары, алар Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде КРдагы БУУнун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK