Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 22-декабрындагы маалыматтык билдирүүсү

1053

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасына кирүүсүнө чектөө чаралары уланып жаткандыгына байланыштуу Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарына Тажикстан Республикасына ар кандай баруулардан же Тажикстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик каттамдан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Тажикстан Республикасына кирүү-чыгуу маселелери боюнча керектүү маалымат жана консультация алуу үчүн КР ТИМ консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин ишеним телефонуна төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот:

+996 999 312-002 - КР ТИМ консулдук Департаменти (Бишкек ш.);

+992 887 782-223 - КРнын ТРдагы Элчилиги (Душанбе ш.).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK