Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын теңтөрагаларынын жолугушуусу болду

147

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында 2024-жылдын 12-январында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти. 

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK