Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Тажикстан Республикасына расмий сапары тууралуу

164

2024-жылдын 4-февралында тажик тараптын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келди.

Расмий визиттин алкагында 2024-жылдын 4-февралында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин тар жана кеңейтилген форматта жолугушуулары болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө умтуларын белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин толук бүтүрүү тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган баардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошону менен катар дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK