Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кабыл алды

172

2024-жылдын 5-февралында Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан салам жолдоп, Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри маектешине Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Расмий сапардын алкагында Ж.Кулубаев тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын делегациясынын коштоосунда Рогун ГЭСинде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK