Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

6649

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Тажикстан Републикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы жана аны өстүрүү, анын ичинде чек ара кызматташтыгы да талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жакынкы келечекке кызматташуунун артыкчылыктуу пландарын белгилешти.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK