Тажикстан Республикасында алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоосун өткөрүү жөнүндө

4854

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги тарабынан 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында сиздерге төмөнкүлөрдү билдиребиз:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоодон өтүп жана биометрикалык каттоо кылыш керек.

Мурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматтарын Элчиликке бере алышат.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого жеке кайрылууда жана дистанциялык түрдө каттала алышат.

Консулдук каттоого жеке жолу менен катталуу үчүн каттоо картасын сүрөтү менен жана Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун тапшыруу керек.

Консулдук каттоодого дистанциялык жол менен туруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтердин тизмесин сканерленген түрүндө (түстүү сүрөт электрондук түрдө берилет) Элчиликтин расмий электрондук дарегине жөнөтө алышат  (kg@kgembassy.tj).

Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган каттоо картасын анын электрондук версиясын чет өлкөдөгү мекеменин расмий веб-сайтынан жүктөп алуу менен толтурушат.

2. 2020-жылдын 8-июлуна чейин консулдук каттоодон өткөн жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары автоматтык түрдө шайлоочулардын алдын ала тизмесине киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 15-июлунан тартып (добуш берүү күнүнө 80 календардык күн калганда) шайлоочулардын жаңыланган алдын ала тизмеси менен www.tizme.gov.kg сайтында таанышууга, ошондой эле 2020-жылдын 25-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде болушат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, №2 формага ылайык участкалык шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, жашаган жеринин шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгө укуктуу.

Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Кыргыз Республикасынын жарандары тийиштүү формадагы арыздарды 2020-жылдын 19-сентябрына чейин (добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен) берүүгө укуктуу.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK