Маалыматтык билдирүү

4573

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Тажикстан Республикасынын жарандары - этникалык кыргыздар үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуусу башталганын жарыялайт.

Бул жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 15 бюджеттик орун бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууга конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басарынын атына арыз, анкета, паспорттун көчүрмөсү, билим тууралуу документтин көчүрмөсү (аттестат же диплом), билимдин деңгээли жөнүндө маалымдама, үй-бүлөө курамы тууралуу маалымдама, сертификаттар, грамоталар, дипломдор, 086-у медициналык маалымдама, ИЖОС жок тууралуу маалымдама, ошондой эле сүрөттөр талап кылынат.

Документтер ушул жылдын 5-сентябрына чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматтар үчүн Душанбе ш., С.Носиров көч. 56 «А» дареги боюнча, тел.: +992887782223, электрондук кутуча: kg@kgembassy.tj кайрылууну суранабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK