Жумушчу сапарынын алкагында Душанбе шаарында болгон Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди 2020-жылдын 19-ноябрында Таджикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода кабыл алды

3491

Жумушчу сапарынын алкагында Душанбе шаарында болгон Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди 2020-жылдын 19-ноябрында Таджикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода кабыл алды. Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Премьер - министринин м.а. А.Новиковдун атынан куттуктоо сөздөрүн жолдоду. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, кыргыз тарабы өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган эл аралык келишимдерди так аткарууну толугу менен карманарына  ишендирди.

Р.Казакбаев Кыргызстан мамлекеттер ортосундагы мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык, дипломатиялык жолу менен чечүүгө жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы туруктуу абалды сактап калууга чечкиндүү умтуларын билдирди, ошондой эле тажик тарапты Мамлекеттик чек аранын калган участокторун эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын деңгээлинде эртерээк чечүүгө көңүл топтоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык жараткан кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн бардык спектрин боюнча кылдат пикир алмашуу болду. Соода-экономикалык кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүү мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүү фактору экендиги баса белгиленди.

Мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү, анын ичинде экспорттук жана импорттук берүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү, товарларды ташуу үчүн шарттарды түзүү жана региондор аралык жана чек ара кызматташтыгын жигердештирүү аркылуу ыкчам чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди, бул экономикалык кызматташтыкты илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

К.Расулзода эки мамлекеттин транспорттук жана транзиттик дараметин өнүктүрүү менен транспорттоо жана соода кылуу үчүн оптималдуу жана өз ара пайдалуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Бул контексте, эки тараптуу маселелерди ар тараптуу кароо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын маанилүүлүгү баса белгиленди, анын жыйыны келээрки жылдын башында Бишкек шаарында өтөт.

Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы дүйнөлүк деңгээлдеги сууну пайдалануу көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча тажик тараптын жаратман саясатын жогору баалаарын жана колдоорун билдирди.

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри К.Расулзода суу маселелери боюнча позицияларынын шайкештигин белгиледи жана эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен Аралды сактоо эл аралык фондун (МСФА) реформалоо боюнча маселелерин биргеликте илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптардын ортосунда суу-энергетика маселелери боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Бардык деңгээлдерде, анын ичинде өкмөт башчыларынын, профилдик министрликтер жана ведомстволордун жетекчилеринин, анын ичинде эки өлкөнүн шаарларынын  жана областтар аралык байланыштардын ортосундагы конструктивдүү диалогду улантуу зарылчылыгына басым жасалды, ал албетте өз ара ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлилинин жана саясий өз ара аракеттенүүнүн  индикатору болуп саналат.

Аягында, Тажикстандын Премьер-министри Кыргызстанда алдыда боло турган  ички саясий иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK