Элчи Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Лахш (Жергетал) районуна иш сапары менен барды

4418

2019-жылдын 3-майында Кыргызстандын Тажикстандагы Элчиси Жаныш Рустенбеков Тажикстандын Лахш (Жергетал) районуна иш сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө, Элчи Ж.Рустенбеков Лахш районунун төрагасы Ф.Баротзода, Тажикстандын Ички иштер министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Х.Зубайдзода, райондук прокурору Х.Зайдуллозода, райондук соту Б.Хидирзода, райондук аскер комиссарынын орун басары Д.Сафаров жана миграция кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы У.Салиев менен жолугушуу өткүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чон-Алай району менен Тажикстандын Лахш районунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, жана Лахш районунда жашаган этникалык кыргыздардын абалын талкуулады.

Тараптар Лахш районуна кирген Кыргызстандын жарандарынын абалын талкуулап, Тажикстанда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, жана ошондой эле, Кыргызстанда турган Тажикстан Республикасынын жарандарынын укуктарын бузуу жагдайларын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткүзүүнү белгиледи. Тараптар эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн белгилеп, эки чектеш райондорго бизнес чөйрөлөрүн камсыздоонун зарылчылыгын талкуулады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, Элчи Ж.Рустенбеков, райондун башкармасына кыргыз жазуучулардын, жана Ч.Айтматовдун тажик тилинде чыккан китептерин белек кылып берди.

Ошондой эле, иш сапардын жүрүшүндө, Элчи Ж.Рустенбеков Лахш районунун айыл жетекчилери менен жолугуп, мектеп формаларды тигүүгө адистешкен «Сумая» өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Ошондой эле, Элчи «Тоджиддин» деп аталган айыл чарба компаниясынын жетекчиси Хомидов Тоджиддин деген этникалык кыргыз менен жолугушту.

Маалымат үчүн: Хомидов Тоджиддин, 84 жашта, Тажикстандын этникалык кыргызы. Лахш районунун Кошой айылынын тургуну. Тажик ССРинин депутаты жана жогорку койчусу болгон. 11 баласы бар, алардын ичинен 2 баласы Кыргызстанда жашайт. Азыркы учурда дыйкан чарба компанияны жетектейт. Аймактык жаштарды эмгеке чакырып, алар үчүн үлгү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK