Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Курманбаевдин катышуусу менен Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту

5102

2020-жылдын 15-февраль күнү Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш»

кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Курманбаевдин катышуусу менен Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү, маданият жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү темасына арналган «суроо-жооп» форматында пикир алмашуулар болуп өттү.

Ж.Рустенбеков Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жарлыгына ылайык 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялангандыгын маалымдады. Аймактарды өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелет, ал эми санариптик технологиялар калктын жашоо сапатын жакшыртуунун маанилүү фактору болуп саналат деп белгиледи. Ж.Рустенбеков Кыргыз Республикасындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, жаштарды Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө татыктуу салым кошууга чакырды.

Элчи 2020-жыл Кыргыз Республикасынын жана кыргыз элинин келечеги үчүн маанилүү жыл экендигин белгиледи. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргызстандын парламентине депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. Элчи Тажикстанда окуп жаткан Кыргыз Республикасынын студенттерине, жарандарына кайрылып, ушул маанилүү саясий иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK