Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Ж.Рустенбековдун, Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын презентациясындагы чыгып сүйлөшү

9344

(2018-жылдын 27-декабры, Душанбе шаары, Тажикстан Республикасынын Улуттук китепканасы)

Кымбаттуу достор,

Сиздерди, биздин бүгүнкү иш-чарабызда катышканынызга ыраазыбызды билдиргенге жана сиздерди тосуп алганга уруксат бериниздер.

Сизреге белгилүү болгондой, Айтматов - улуу жана адамзат тарыхында кайталанбас инсан. Кыргыз адабиятын планета денгээлине чыгарган, килейген акылга ээ болгон адам. Айтматов аркылуу, дүйнө кыргыз адабияты менен таанышты.

Чынгыз Айтматов - азыркы жазуучулардын арасында эӊ коп окулган жазуучу болуп эсептелет. Анын чыгармалары 170 тилге которулуп, 60 миллиондон ашуун нускада басылып чыккан.

Тажикстанда да Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын урматта болгонун белгилей кетүү керек. 1960-жылдан баштап, анын бардык чыгармалары тажик тилине которулуп, басылып чыккан.

Чынгыз Айтматов Тажикстанга көп жолу конок болуп, тажик интеллигенциясы менен жолугушууларды өткөргөн. Садриддин Айнинин 100-жылдыгына жана Мирзо Турсунзоданын юбилейлерине арналган иш-чараларда жигердүү катышчы. Айтматовдун Тажик акыны Мирзо Турсунзаде, жазуучу Акбар Турсун жана тажик акыны Гулрухсор Софиева менен болгон жылуу достугу баарыныздарга белгилүү.

Өзүнүн руху менен тынчтыктын тарапкери болуп, Ч.Айтматов тажик- аралык согуштун трагедиясын түшүнгөн. Ошондуктан, бир нече жолу тажик-аралык согуш жөнүндө, бул тажик эли үчүн жана бүткүл Борбордук Азия үчүн чон трагедия деп айткан.

2000-жылы башталган тынчтык жараядан кийин, Тажикстан жаңы доорго кирип жатканда, Айтматов өлкөнүн айыгуусуна, анын экономикасын жана маданиятын өнүгүүсүнө кызыкдар болгон. Ал тажик элинин чон досу болчу.

Кымбаттуу достор,

Ч.Айтматовдун 90-жылдыгынын урматына байланыштуу, жана Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө үчүн, ушул жылы, Элчиликтин каржылык колдоосу менен, Душанбе шаарында, Ч.Айтматовдун акыркы «Тоолор кулаганда» романы тажик тилинде басылып чыкты. Бул роман тажик жазуучусу, Тажикстан жазуучулар союзунун мүчөсү Хикмат Рахмат аркылуу которулду.

Тажик окурмандарды Айтматовдун чыгармалары менен толук тааныштыруу үчүн, басылып чыккан китептердин бир бөлүгүн (400 нуска) Тажикстандын Улуттук китепканасына, жана дагы бир бөлүгүн (300 нуска) Тажикстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берүүгө уруксат бериниз.

Биз Айтматовдун чыгармачылыгы эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар жана достук мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө дагы бир негиз катары кызмат кылат деп ишебиз.

Сөздүн акырында, бул романды чыгарууга жардам берген жазуучу Хикмат Рахматга, «Адиб» басмаканасына жана биздин бардык досторубузга, ыраазычылык билдирип кетмекчибиз.

Конул бурганынызга үчүн рахмат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK