Президент Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

1723

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту.

Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK