Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгына арналган достук жолугушуусуна катышты

5233

24-июнунда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгына арналган достук жолугушуусуна катышты. Аталган иш чаранын алкагында Ж.Рустенбеков куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуштагы ролун баса белгилеп кеткен.

Мындан тышкары аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун Оруссия Федерациясынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси И.С.Лякин-Фролов менен эл аралык актуалдуу маселелери жана мындан ары келечекте өз ара кызматташуусу боюнча пикир алмашуулары болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK