Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Душанбе шаарында өткөн "Азия жүрөгү - Афганстан боюнча Стамбул процесси" министрлеринин тогузунчу конференциясына видеоконференция форматында катышты

3603

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 30-мартында Душанбе шаарында өткөн "Азия жүрөгү - Афганстан боюнча Стамбул процесси" министрлеринин тогузунчу конференциясына видеоконференция форматында катышты.

“Тынчтык жана өнүгүү үчүн консенсусту чыңдоо” ураанындагы эл аралык форум Афганстандын Президенти А.Гани жана Тажикстандын Президенти Э.Рахмон тарабынан ачылып, Афганистан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлеринин биргелешкен төрагалыгы астында өттү.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Афганстанды аймактык мамилелер тутумуна киргизүү максатында эл аралык коомчулуктун Афганстандын жарашуу процессин андан ары илгерилетүүгө көмөктөшүүсү, ошондой эле аймактык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев өз сөзүндө Афганстан Өкмөтү тарабынан өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн жасалган аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев “Стамбул процессинин” катышуучуларын Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарынын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Министрликтин конференциясынын жыйынтыгында, катышуучу мамлекеттер менен коопсуздукту чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды жана аймактык интеграцияны өркүндөтүү процессин колдогон өлкөлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттарын чагылдырган Декларация кабыл алынды.

Маалымдама: 2011-жылдын 2-ноябрында Стамбулда «Коопсуздук жана туруктуу Афганстан үчүн аймактык коопсуздуктун жана кызматташтыктын Стамбул процесси» ураанынын астында эл аралык министрлер конференциясы болуп өттү, ал Афганстан жана Түркия тарабынан демилгеленген Азия жүрөгү-Афганстан боюнча Стамбул процессинин башталышын белгилеген. Бул процесс Афганстандын диалог жана ишенимди бекемдөө чаралары (КБМ) аркылуу аймактык коопсуздукка, экономикалык жана саясий кызматташтыкка көмөктөшүү максатында иштелип чыккан эл аралык форум.

Кыргызстан процесске активдүү катышат жана Азия жүрөгү - Афганстан боюнча Стамбул процессинин Ишенимди бекемдөө чараларынын 6 тобуна кирет.

Афганстан башка катышуучу өлкөлөрдүн колдоосу менен ушул процесстин туруктуу тең төрагасы жана координатору болуп саналат. 2011-жылдан бери аймактын ар кайсы өлкөлөрүндө жалпысынан 8 министрлик конференциясы болуп өттү.

Катышуучу өлкөлөрдүн жана мамлекеттердин, Азия жүрөгү- Афганстан боюнча Стамбул процессин колдогон эл аралык жана аймактык уюмдардын тизмеси менен Интернеттеги төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышууга болот:

https://www.hoa.gov.af/about-us/participating-countries.html https://www.hoa.gov.af/about-us/supporting-countries.html

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK