Маанилүү маалымат

4592

Урматтуу Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу/туруктуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун камсыз кылуу максатында, Элчилик күнүгө (дем алыш күндөрдү кошуп) саат 09:00дөн саат 21:00гө чейин иштей тургандыгын маалымдайт.

Тажикстан Республикасынын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн, 2020-жылдын 19-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы Элчилигинин - УШК 9024 шайлоочуларынын тизмесине кириш керек.

Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн төмөнкүлөр керек:

1.Мурда биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон өтүү жетиштүү болот. Консулдук каттоого туруу үчүн - консулдук каттоо баракчасын толтуруп, жарактуу мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын паспортун тапшырышыңыз керек.

2.Эгерде жаран буга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек болсо, анда Элчиликке келип, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого туруу керек.

Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, жаран алдыдагы шайлоодо добуш бере албайт!

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн tizme.gov.kg сайтынан текшере алышат.

Шайлоонун акыркы тизмеси 2020-жылдын 27-сентябрында жарыяланат.

Шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилигинин имаратында өтөт: Душанбе шаары, С.Носиров көчөсү, 56 «А».

Кыргыз Республикасынын жарандарында суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине  төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +992887782223,  тексттик билдирүүлөр үчүн  +996999004665 «WhatsApp»

 

Көзөмөлдүк тизме

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK