Ч.Айтматовдун китептерин Тажикстандын Улуттук китепканасына тапшыруу

4510

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жазуу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү» жарлыгын аткаруу негизинде, жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө максатында, 2018-жылдын башында, Душанбе шаарында, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилигинин каржылык колдоосу менен, Ч.Айматовдун «Тоолор кулаганда» романыны тажик тилинде басылып чыккан. Айтылган романды, тажик жазуучу, Тажикстан Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Хикмат Рахмат которгон.

 

2018-жылдын 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги, Тажикстандын Улуттук китепканасында, басылып чыккан романдын презентациясын уюштурду. Бул иш-чара Тажикстандын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Р.Мирбобоев, Тажикстан Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Абдусалам Мирализода, Тажикстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Косим, тажик жазуучусу жана котормочу Хикмат Рахмат, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын элчиликтеринин өкүлдөрү, достук коом жана Тажикстандын чыгармачыл интеллигенттеринин катышуусу менен өттү.

 

Ачылыш сөзүндө, Кыргызстандын Элчиси Ж.Рустенбеков, Чынгыз Айтматов - азыркы жазуучулардын арасында эӊ коп окулган жазуучу болуп эсептелгенин, анын чыгармалары 170 тилге которулуп, 60 миллиондон ашуун нускада басылып чыкканын белгиледи. 1960-жылдан баштап, анын бардык чыгармалары тажик тилине которулуп, басылып чыккан.

 

Чынгыз Айтматов Тажикстанга көп жолу конок болуп, тажик интеллигенциясы менен жолугушууларды өткөргөн. Тажик акыны Мирзо Турсунзаде, жазуучу Акбар Турсун жана тажик акыны Гулрухсор Софиева менен чын дос болуп, Тажикстанда аябай көп окурмандарга жана күйөрмандарга ээ. Элчи Ж.Рустенбеков, Чынгыз Айтматов тажик элинин улуу досу болгонун билдирди.

 

Элчи Ж.Рустенбеков, сөзүнүн жыйынтыгында, Тажикстандын Улуттук Китепканасына Айтматов менен Мирзо Турсунзоданын архивдик сүрөтүн жана Тажикстандын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басарына, Ч.Айтматовдун толук чыгармаларын белек кылып берди.

 

Тажикстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Косим, өз сөзүндө, Ч.Айтматов жана анын чыгармачылыгы Тажикстанда терен урматтоого ээ болгонун белгиледи. Н.Косим, Тажикстанда Айтматовго арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөнүн, атап айтканда, Тажикстан жазуучулар союзунун демилгеси боюнча, Тажикстан Улуттук университетинде 2018-жылдын декабрында уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын Тажикстан прозасына таасири» деп аталган эл-аралык конференция өткөрүлгөнүн белгиледи.

 

Тажикстандын Билим берүү жана илим министринин Биринчи орун басары Р.Мирбобоев белек болуп берилген китептерге ыраазычылыгын билдирип, жазуучунун чыгармалары Тажикстандын мектептеринде эссе жазуу темалардын тизмесине киргизилгенин белгиледи. Мындан тышкары, Айтматовдун көптөгөн чыгармалары үй окуу үчүн сунуш кылынганын айтты. Ал жазуучунун чыгармачылыгы эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланышты бекемдөөгө жана достук үчүн дагы бир негиз катары кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

 

Иш-чарага ошондой эле Казакстандын Элчиси жана Россия Элчилигинин өкүлү сөз айтышты. Алар, өздөрүнүн өлкөлөрүндө жазуучунун мааракесине арналган иш-чараларды өткөзгөнүн билдирди.

 

Иш-чаранын аягында Элчи Ж.Рустенбеков Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын 370 нускасын Тажикстан Улуттук китепканасына жана 320 нускасын Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигине белек кылып берди.

 

  • Ч.Айтматовдун китептерин Тажикстандын Улуттук китепканасына тапшыруу жонундо
  • Ч.Айтматовдун китептерин Тажикстандын Улуттук китепканасына тапшыруу жонундо
  • Ч.Айтматовдун китептерин Тажикстандын Улуттук китепканасына тапшыруу жонундо

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK