Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Н.Хикматуллозода менен жолугушту.

3377

2019-жылдын 1-февралында, Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Н.Хикматуллозода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык тармактагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашышты. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык сооданы өнүктүрүү, айыл чарба азыктарын өз ара экспортун көбөйтүү жана биргелешкен кыргыз-тажик ишканаларды түзүү, анын ичинде чек ара аймактарда, маселелери талкууланды.

Тараптар транзиттик-транспорттук каттамдарды натыйжалуу пайдалануу жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүсүн жогорулатууга багытталган биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.

  • Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Н.Хикматуллозода менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK