Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддин менен дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуу өткөрдү

1858

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ж.Рустенбеков Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Мухриддин менен дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуу өткөрдү.

2022-жылдын 10-февралында  Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбековдун Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө актуалдуу маселелер, эки тараптуу кыргыз-тажик мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, анын ичинде жарандардын укуктарын коргоо, ошондой эле чек ара жана аймактар аралык кызматташуу талкууланды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын чек ара боюнча ишин активдештирүү зарыл деген пикирге келишти.

Элчи Ж.Рустенбеков мамлекеттер ортосундагы чек ара линиясын аныктоонун аяктоосу чыңалууну басаңдатууга жана жалпысынан Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектеш аймактарындагы чыр-чатактарды жана инциденттерди төмөндөгүү, ошондой эле өз ара пайдалуу кыргыз-тажик кызматташтыгын арттырууга оң таасирин тийгизерин белгилеп кетти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап Ж.Рустенбековдун Кыргызстандын Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматындагы үзүрлүү ишмердүүлүгүн белгилеп, ошондой эле анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK